Редакцияот 31.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXIV сессиясы

 

2016-жылдын 31-марты № XXXIV-5

Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ташлак көчөсүнүн асфальттоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ташлак көчөсүнүн асфальттоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ташлак көчөсүнүн асфальттоо үчүн 2 084 296 (эки миллион сексен төрт миң эки жүз токсон алты) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 3111-беренесинен ажыратылып берилсин.

2. Жогорудагы аткарыла турган жумушка смета даярдоого 20 842 (жыйырма миң сегиз жүз кырк эки) сом, долбоорго (ИПШ)-12 310 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2215-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А. Гафаров