АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVI I чакырылышынын кезексиз X I сессиясы
2017-жылдын 24-октябры № 27/11-1
Баластан бала бакчасынын кире беришине, Көк-Дөбө айлындагы ФАПтын терезе эшиктерин алмаштырууга, паркка тренажер орнотууга жана ЖКХга гараж курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Супаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөттүн бош калдык акчадан Ананьев айлынын Баластан бала бакчасынын кире беришин жасаганга жана Көк-Дөбө айлындагы ФАПтын терезе-эшиктерин алмаштырганга келишимдин негизинде 25% кошумча жумуштардын эсебинен 2222-статьядан 224270сом акча каражаты тендер аркылуу, Жеңиш паркына тренажер орнотууга 3112-статьядан 375300сом акча каражаты тендер аркылуу, ЖКХга гараж курууга 3111-статьядан 375717сом акча каражаты тендер аркылуу бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.