Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 27/11-3
Ананьев айыл аймагында кызыл сызыктан өтүп пайдаланууда турган жана өз алдынча коруп алган жер тилкелерине баа чектөө жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Б.Тыналиевдин билдирүүсүн жана сунушун угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлында кызыл сызыктан өтүп, пайдаланып жаткан жарандарга 1м2 жер тилкеси үчүн 1000сом өлчөмүндө төлөм акы белгиленсин. Ананьев айыл аймагында өз алдынча коруп алган 0,01га жер тилкелери үчүн жарандардан 10,4сом өлчөмүндө төлөм акы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы башчы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | А. Рахманкулов |