Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 27/11-4
Бодо малдарды идентификациялоо учурунда бирка салуу акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн ветеринардык врач К.А.Айиповдун билдирүүсүн жана сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл аймагында бодо малдарды идентификациялоо учурунда бирка салуунун төлөм акы 30 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы ветеринардык врач К.А.Айиповко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |