Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-6
Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-үйүнүн жанына курулган ажаатканага АПЗ даярдоо жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-үйүнүн жанына курулган ажаатканага АПЗ даярдоо жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-үйүнүн жанына курулган ажатканага АПЗ даярдоо үчүн 10 580 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2215-беренесинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |