Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-7
Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасындагы Навои көчөсүнө трансформатор орнотуу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасындагы Навои көчөсүнө трансформатор орнотуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасындагы Навои көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн 397 100 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 3112-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Жөгөрүдагы трансформаторду орнотуу үчүн долбоорго (ИПШ) 8 500 сом, атайын лабораториядан откорууго 19 800 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2215-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |