Редакцияот 09.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 9-июну № 11/3

Көрүстөн үчүн жерди трансфармациялоого сунуштоо жөнүндө

Көрүстөн үчүн жерди трансфармациялоо жөнүндө депутаттардын сунушун жана жарандардын кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жарандардын кайрылуусун аткаруу максатында, көрүстөнгө жер маселеси боюнча Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаттары менен сүйлөшүү жана макулдашуу ишин жүргүзүү үчүн төмөндүдөй курамда 8 адамдан турган комиссия түзүлсүн:

1. Абакиров Рахат Болотбекович - айылдык кеңештин депутаты

 2. Балкыбеков Тилек Жеткинчекович айылдык кеңештин төрагасы

 3. Базаров Акжолтой айылдык кеңештин депутаты

 4. Ибинов Нурдан Кубанович айылдык кеңештин депутаты

 5. Исраилов Мирлан Мажитович айыл өкмөт башчысы

 6. Машаев Асылбек Токтогулович айылдык кеңештин депутаты

 7. Чөкчөев Кылыч Акинович айылдык кеңештин депутаты

 8. Чынасылов Улан Аскербекович айылдык кеңештин депутаты

2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагынан көрүстөн үчүн жер алуу боюнча маселесин мыйзам чегинде аткаруу жагы комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Ж.Балкыбеков