Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11/4
Мектептердин тушуна ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюу жөнүндө
Мектептердин тушуна ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюу боюнча депутаттардын сунушун жана Мамлекеттик автоинспекциянын начальниги Ибраимов Таалайдын кайрылуусун карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептердин тушуна ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин койдуруга каражат табуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
2. Видеокөзөмөл коюлбаган жалпы билим берүү мекемелерине видеокөзөмөл коюууга акча каражатын караштыруу бюджеттик комиссияга сунушталсын.
Төрага | Ж.Балкыбеков |