Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11/6
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын жана Кочкор айылынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кочкор айылынын «мыкты мугалими», « мыкты тарбиячысы», «мыкты мед.айымы», «мыкты доктуру», «мыкты энергетиги», «мыкты муниципалдык кызматкери», «мыкты юристи», «мыкты айыл чарба кызматкери», «мыкты соц.кызматкерлери» деген наамдары ыйгарылсын.
2. Эльчиева Алтынга, Ыбышова Таалайбүбүгө, Эрмеков Ажүмүдүнгө, Казиев Муктарга, Абдыбачаева Жумабүбүгө, Турсуналива Камарбүбүгө, Акматова Күмүшайга, Бейшеналиева Жумакүлгө, Осмонов Кубанычбекке, Иманкулов Турарбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
3. Тиешелүү күбөлүктөрүн,төш белгилерин берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |