Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11/8
К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кыркылган бактарын сатуудан түшкөн кирешесин пайдалануу жөнүндө
К. Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кыркылган бактарын сатуудан түшкөн акча каражатын мектептин айланасын тосууга бөлүп берүүнү карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36- беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кыркылгын бактарын сатуудан түшкөн 90 980 (токсон миң тогуз жүз сексен) сом акча каражаты мектептин айланасын тосуу үчүн бөлүнсүн.
2. Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу менен мектептин айланасын өз убагында тосууну камсыз кылуу мектеп директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары М.З.Астрахановго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |