Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11/9
«Карагатты» жаздоо,жайлоосуу Кочкор районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө өтүп кеткендигин иликтөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Теңдик айылынын жашоочуларынын «Карагатты» жаздоо,жайлоосунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн карамагына өтүп кеткендиги боюнча Теңдик айылынын жашоочуларынын кайрылууларын,депутаттардын сунуштарын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Карагатты" жаздоо,жайлоосунун Кочкор районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн карамагына өтүп кеткендиги тууралу документтери такталып, мыйзамга ылайык кайра кайтарып алуу жөнүндө иш чаралар жүргүзүлсүн.
2. Карагатты жаздоо,жайлоосу боюнча 7 адамдан төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1.Рахманов Кеңешбек- комиссиянын төрагасы,коомдук уюмдан
2.Аситов Алмаз – Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты
3.Акимканов Урмат-Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты
4.Исабаев Рысдөөлөт- Теңдик айыл башчысы
5.Осмонов Бекболот-Теңдик айылынын тургуну
6.Саманчиев Аралбек – Теңдик айылынын тургуну
7.Тайсариев Амангелди – Теңдик айылынын тургуну
Төрага | Ж.Балкыбеков |