КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 09-июну № 11/1
Теңдик мал базарынын тарифтерин көтөрүү маселесин иликтөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Теңдик мал базарынын стоянка,бодо малды киргизүү баасын көтөрү жөнүндө депутаттардын сунушун жана Теңдик мал базарынын башкы эсепчисинин кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик мал базарынын автоунаа токтоткондугу үчүн жыйым,,бодо малды киргизүү үчүн мал башына алынуучу акынын өлчөмүн көтөрүү маселесин иликтөө боюнча
5 депутаттан төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1.Абакиров Рахат Болотбекович- айылдык кеңештин депутаты
2. Ибинов Нурдан Кубанович- айылдык кеңештин депутаты
3.Райымкулов Эсенаалы Сагынович- айылдык кеңештин депутаты
4.Чынасылов Улан Аскербекович- айылдык кеңештин депутаты
5.Чөкчөев Кылыч Акинович- айылдык кеңештин депутаты
2. Базардын тарифтерди изилдеп,элдик чогулушка салуу жагы комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |