Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-8
Ноокат шаарынын М.Эргашов көчөсүнүн тратуарларын калыбына келтирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын М.Эргашов көчөсүнүн тратуарларын калыбына келтирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын М.Эргашов көчөсүнүн тратуарларын калыбына келтирүү үчүн 570 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы аткарыла турган жумуштардын сметасин даярдоо үчүн 5700 сом, АПЗ даярдоо үчүн 14 241 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2215-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |