Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 07-июлу № 12/3
Кочкор аймактык ооруканасынын балансасындагы имараттарды карап көрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кочкор аймактык орууканасынын балансасындагы имараттарын чыгыштоого уруксат берүүнү сураган Кочкор аймактык ооруканасынын башчысы Т.Жумабековдун кайрылуусун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор аймактык ооруканасынын балансасындагы пайдаланууга жараксыз имараттарды карап, тиешелүү сунуш берүү жагы айыл чарбасы жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын:
1.Ибинов Нурдан Кубанович- айылдык кеңешинин депутаты
2.Кадырбаев Улан Усөнович - айылдык кеңешинин депутаты
3.Машаев Асылбек Токонович - айылдык кеңешинин депутаты
2. Жеринен барып көрүп, жыйынтыгын айылдык кеңешке сунуш кылуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |