Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 07-июлу № 12/5
Мотопомпа алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мотопомпа алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң ) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Кочкор айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Жаныбек уулунун кайрылуусун карап,талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мотопомпа алуу үчүн, өзгөчө кырдаалга резервдик фондуга бөлүнгөн 200 000 (эки жүз миң) акча каражатынын ичинен багыты өзгөртүлүп 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |