Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 07-июлу № 13/3
Теңдик шайлоо участкасы экиге бөлүнгөндүктөн шайлоо комиссиясынын курамын бекитип берүү жөнүндө
Теңдик айылынын жаңы ачылган № 4170 Теңдик бала бакча шайлоо участкасынын аймактарында жашаган жерлери боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик айылынын № 4170 бала бакча шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлике көрсөтүшкөн тиешелүү участокторунун аймактарында шайлоочулардын жашаган жерлери боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2. Теңдик айылынын № 4170 бала бакча шайлоо комиссиясынын талапкерлери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн резервдерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Тиркеме: Тизме 1б.
Төрага | Ж.Балкыбеков |