Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-9
Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү максатындагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан ар бир педагогикалык кызматкерге 2016-жылдын 1-мартынан баштап, 2016-жылдын 31-декабрына чейин иштеген айына карап ар ай сайын 500 сомдон жалпысы болуп 980,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2721-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А. Гафаров |