Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 07-июлу № 13/5
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рахманов Кеңешбекке, Кубаедыков Камилге, Жапарова Зуураканга, Саманчиев Аралбекке, Солтонкулова Берметке, Кадыров Аманга, Абдылдаев Канатка, Ишекеева Бурулга, Бейшенбеков Болотко, Аситов Алмасбекке, Турсунов Дүйшөгулга, Сулходжаева Зурахан Ахмедовнага, Турсунбаева Рысканга, Кулбаракова Батыйга, Арпачиева Марипага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |