Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 27-июлу № 14/1
Шайымбет-Ата базарынын соодагерлеринин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор айылынын Шайымбет-Ата базарынын соодагерлеринин, Шайымбет-Ата жана Асел дүкөнүнүн алдын тосуп соода кылып аткан жүк ташуучу машиналарды алдырып, Кочкор айылынын борборун тартипке келтирип берүүнү сураган кайрылуусун карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын Шайымбет-Ата базарынын соодагерлеринин кайрылуусун кароо боюнча админстрация менен бирдикте түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |