Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 27-июлу № 14/2
Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбекти ээлеген кызмат ордунан бошотууга сунуш беруу жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбекти ээлеген кызмат ордунан бошотууга сунушту берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселесин карап жана талкуулап, Кочкор райондук прокуратурасынын 09.03.2017-жылдагы № 11-33-17 мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө талапты, Кочкор райондук прокуратурасынын 17.03.2017-жылдагы № 11-38-17 ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтеттүү жөнүндөгү сунушун, Кочкор райондук прокуратурасынын 29.03.2017-жылдагы № 11-45-17 мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү сунушун, Кочкор райондук прокуратурасынын 30.03.2017-жылдагы № 11-46-17 мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү талапты жана Кочкор райондук прокуратурасынын 31.03.2017-жылдагы Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-декабрындагы 315 буйругуна карата берилген каршылык билдирүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 36-беренесине, ылайык Кочкор айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылдык кенештин депутаттары тарабынан Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбекке кызматтан бошотуу боюнча 16 добуш эсебинде берилгендиги белгиленсин.
2. Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбекти ээлеген кызматынан бошотуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитовичке сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жыйынтыкты билдирүүсү Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитовичке жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Балкыбеков |