КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 27-июлу № 14/4
Кочкор айыл өкмөтүнүн жаштар кеңешине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн жаштар кеңешинин 9320 (тогуз миң үч жүз жыйырма ) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде (спец.счетунда) 2017-жылдын 1-январына карата бош калган каражатынан Кочкор айыл өкмөтүнүн жаштар кеңешине материалдык техникалык базасын чындоо үчүн 9320 (тогуз миң үч жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |