Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 27-июлу № 14/5
Кочкор-тазалык муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөт башчысы М. Исраиловдун кайрылуусун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде (спец.счетунда) 2017-жылдын 1-январына карата бош калган каражатынан Кочкор тазалык муниципалдык ишканасына 223 280(эки жүз жыйырма үч миң эки жүз сексен ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |