Редакцияот 16.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы

 

2017-жылдын 16-августу № 15/2

Тарых музейине Осмонаалы Сыдык уулунун ысымын ыйгаруу жөнүндө

Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун ысымын Кочкор айылындагы тарых музейине ыйгаруу жөнүндө Орозалиев Дүйшөбектин кайрылуусун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылынындагы тарых музейи Осмонаалы Сыдык уулу атындагы тарых музейи деп аталсын.

2. Жаңы коюлган ысым боюнча такталарын жазатып илдирүү жагы тарых музейинин башчысы Сатындиева Төркүнгүлгө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Балкыбеков