КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 16-августу № 15/3
Кочкор айылынын Кыргыз Телеком ААКнун интернет байланыш түйүндөрүнүн зым карагайларын туура орнотуу жөнүндө
Кочкор айылынын Кыргыз Телеком ААКнун интернет байланыш түйүндөрүнүн зым карагайларын туура орнотуу жөнүндө депутаттардын сунушун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын Кыргыз Телеком ААКу тарабынан орнотулган интернет байланыш түйүндөрүнүн зым карагайлары архитектуралык ченемдере ылайыкталып орнотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын, интернет байланыш түйүндөрүнүн зым карагайларын архитектуралык ченемдерге ылайыкталып мыйзам чегинде орнотуу жагы Кочкор Телеком ААКнун начальниги Осмонов Айбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |