КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 16-августу № 15/4
Теңдик, Большевик айылдарынын ортосундагы 100 га айдоо аянтын тактоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Теңдик, Большевик айылдарынын ортосундагы 100 га айдоо аянтын тактоо үчүн комиссия түзүү жөнүндөгү маселесин карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик,Большевик айылдарынын ортосундагы 100 га айдоо аянтын тактоо үчүн комиссия түзүлсүн.
2. Теңдик, Большевик айылдарынын ортосундагы 100 (жүз) гектар айдоо аянтын тактоо боюнча 9 адамдан турган төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1.Рахманов Кеңешбек- комиссиянын төрагасы,коомдук уюмдан
2 Акимканов Урмат- Кочкор айылдык кеңешинин депутаты
3.Аситов Алмасбек - Кочкор айылдык кеңешинин депутаты
4. Базаров Акжол- Кочкор айылдык кеңешинин депутаты
5.Исабаев Рысдөөлөт- Теңдик айылынын айыл башчысы
6.Ибинов Нурдан- Кочкор айылдык кеңешинин депутаты
7.Осмонов Бекболот- Теңдик айылынын тургуну
8.Саманчиев Аралбек- Теңдик айылынын тургуну
9.Тайсариев Аманкелди-Теңдик айылынын тургуну
10.Таласов Майрамбек- Большевик айылынын айыл башчысы
11. Чөкчөев Кылыч- Кочкор айылдык кеңешинин депутаты
3. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин
Төрага | Ж.Балкыбеков |