Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 16-августу № 15/8
Кочкор айыл өкмөтүнүн мөөрүн жана штампын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн мөөрүн жана штампын өзгөртүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Базаров Акжолтойдун сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн мөөрү жана штампы өзгөртүлсүн.
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн мөөрүн жана штампын өзгөртүү жагы Кочкор айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |