Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 16-августу № 16/2
Бала бакчаларга каралган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Бала бакчаларга каралган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Наристе-И бала бакчасына 36 296 (отуз алты миң эки жүз токсон алты) жана Ак-Тилек бала бакчасына 52 698 (элүү эки миң алты жүз токсон сегиз) каралган имараттарды оңдоп кызмат көрсөтүүгө мурда бөлүнгөн жалпы 88994 (сексен сегиз мин тогуз жүз токсон төрт) сом (ст.2215) акча каражатынын багыты өзгөртүлүп, имараттын кезектеги ремонтуна курулуш материалдарын сатып алууга (ст.2221) өзгөртүлүп берилсин
2. Сметага өзгөртүү киргизип берүү Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын
3. Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2017-жылга карата бала бакчалардын ремонтуна акча каражаты толук каралып бүткөндүгү эске алынсын
4. Акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин
Төрага | Ж.Балкыбеков |