Редакцияот 15.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы

 

2017-жылдын 16-августу № 16/3

Жаңы курулуп жаткан жолдорго ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин койдуртуу жөнүндө

Жаңы курулуп жаткан жолдорго ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин койдуртуп берүү жөнүндө жарандардын кайрылуусун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы курулуп жаткан жолдорго ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин койдуртуп берүү жагы ОсОО «Дили» фирмасынын жетекчиси Бердигожо Токтаевдан суралсын

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин

 

Төрага

Ж.Балкыбеков