Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 16-августу № 17/2
Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын от казанына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жылытуу системасын камсыз кылуу үчүн от казан сатып алууга акча каражатын бөлүп берүүнү карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23-март 2017-жылы № 6/5 токтомунун негизинде 2222 статья менен учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алууга бөлүнгөн 400,0 (төрт жүз миң) сомдун 350,0 (үч жүз элүү миң) сому мектептин 2215 статьясына Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясына от казан сатып алууга, ал эми 50,0 (элүү миң) сому ардактуу атуул наамын алган жарандардын төш белгилерин жасатууга (аппарат статья 2215) бөлүнсүн.
2. Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
4. Мектептин от казанын орнотуп, жылуулук системасын суук түшкүчө камсыз кылуу мектеп директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары Н.Кожоналиевга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Балкыбеков |