Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-11
Ноокат шаар аймагындагы мектептердеги чарбалык максаттар үчүн колдонуучу каражаттарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы мектептердеги чарбалык максаттар үчүн колдонуучу каражаттарга (самын, тряпка, шыпыргы, челек, лампочка ж.б.) акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы мектептеринин чарбалык максаттар үчүн колдонуучу каражаттарына 240 000 сом акча каражаты Х.Самиев, А.Абдуллаев, А.Абдуваитов жана Н.Крупская атындагы орто мектетерине 60 000 сомдон Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2222-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |