Редакцияот 26.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы

 

2017-жылдын 26-сентябры № 17/3

Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укутарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча типтүү келишимди карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл өкмөтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ортосунда түзүлгөн 2017-жылдын 25-сентябрындагы «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү» жөнүндөгү эки тараптуу келишими бекитилсин.

2. Жайыттардын түрүн, жайыт участокторунун жайгашкан ордуларын, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкаларды тактоо, жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актыларын түзүү Теңдик, Большевик айылдарынын айыл башчылары Р.Исабаевге, М.Таласовго жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Осмоналиевге милдеттендирилсин.

3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына ылайык аткарылышын, ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ж.Балкыбеков