Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 17/4
Көрүстөнгө жер маселесин чечип берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынан көрүстөнгө жер маселесин чечип берүүнү карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын түштүк жагынан «Кулубек» ноолусунун батыш тарабынан 10 га жайыт жерин жер аянты көрүстөн кылуу үчүн трансфармациялоого сунуш кылынсын.
2. Тиешелүү документтерин топтоп Кочкор райондук мамлекеттик админстрациясына тапшыруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик алдминстрациясынан суралсын.
Төрага | Ж.Балкыбеков |