КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 08-ноябры № 18/3
Кочкор айылдык кеңешинин кабинетин ремонт кылууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кабинетин ремонт кылууга акча каражатын бөлүп берүү маселесин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнө күйүчү жана майлоочу майына каралган (ст.2214) 37 800 (отуз жети миң сегиз жүз) сом акча каражатынын багытын өзгөртүп (ст.2215) Кочкор айылдык кеңешинин кабинетин ремонт кылууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |