КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 08-ноябры № 18/4
Кочкор айылынын аймагынын ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин депутаттары Илязова Гүлнур Дүйшөнбековна жана Каирова Бурул Моңоловнага Кочкор айыл аймагынын «Мыкты мугалим» ардактуу наамын берүү, Жаналиева Гүлмира Бейшеновнага Кочкор айыл аймагынын «Мыкты доктуру» ардактуу наамын берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Илязова Гүлнур Дүйшөнбековнага жана Каирова Бурул Моңоловнага Кочкор айыл аймагынын «Мыкты мугалими» ардактуу наамы берилсин.
2. Жаналиева Гүлмира Бейшеновнага Кочкор айыл аймагынын «Мыкты доктуру» наамы берилсин.
3. Тиешелүү күбөлүгүн берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |