КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 08-ноябры № 18/7
Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго тартиптик жаза берүү жөнүндө
«Теңдик Мырза» ИСКАКБнын иштери өз убагында аткарылбагандыктан жашоочуларга таза суу берген үзгүлтүкө учураган. Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраилов «Теңдик Мырза» ИСКАКБнын ишин көзөмөлдүккө алган эмес.Айыл өкмөт башчысына тартиптик жаза берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго «Тендик Мырза» ИСКАКБнын ишине көзөмөлдүк кылбай калкка таза суу берилишин үзгүлтүккө учурашына жол берилгендиги үчүн «эскертүү тартиптик жазасы берилсин»
Төрага | Ж.Балкыбеков |