Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 08-ноябры № 18/8
2017-жылга 9-айдын жыйынтыгы менен калган акча каражатын бөлүштүрү жөнүндө
2017-жылдын бюджетин аткарууда 9-айында үнөмдөлгөн, пайдаланбай жана пайдаланууга муктаждык болбой калган жалпы суммасы 741 896 (жети жүз кырк бир миң сегиз жүз токсон алты) сом акча каражаты жана бош калган каражаттын бош калган каражаты (ст.2215) 326 300 (үч жүз жыйырма алты миң үч жүз) сом акча каражаты жалпысынан алганда 1 068 196 (бир милион алтымыш сегиз миң жүз токсон алты) сом акча каражатын бөлүштүрү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушун карап , талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» өнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1 068 196 (бир милион алтымыш сегиз миң жүз токсон алты) сом акча каражатынын багыты өзгөртүлүп төмөндөгүдөй статьялар боюнча чыгымдоо үчүн бөлүнсүн:
Теңдик айылынын «Байтели каналындагы» сооруженияны оңдоого (ст.2215) -70 000 (жетимиш миң) сом; Кочкор-Тазалык муниципалдык ишканасына (ст.2215)-542 196 (беш жүз кырк эки миң жүз токсон алты) сом; Жардамга муктаж адамдарга (ст.2215)-100 000 (жүз миң) сом; Калыгул Бай уулу мектебине (ст.3112) 50 000 (элүү миң) сом; Наристе-И бала бакчасынын полун оңдоого (ст.2221)-26 000 (жыйырма алты миң) сом; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агентигине (ст.2215)-80 000 (сексен миң) сом; Кочкор айылынын көчөлөрүнө кум шагыл төгүү үчүн күйүүчү майга (ст.2215)-100 000 (жүз миң) сом; Кочкор айыл өкмөтүнүн аппаратына аркандай чыгымдарына ноябрь, декабрь айына (ст.2215)-60 000 (алтымыш миң) сом; Айыл өкмөтүнүн аркандай кызмат көрсөтүүдө кармалган соц.фонд, киреше салыгын төлөөгө (ст.2215)-40 000 (кырк миң) сом акча каражаты.
2. Сметага өзгөртүү киргизип берүү Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |