Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 52
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылынын П.Исманов атындагы көчөсүн айыл өкмөтүнүн балансынан Баткен райондук ДЭУ-2 участкасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылы чек арада жайгашкан аталган айылдагы борбордук көчө ондоого муктаж, жолду ондоп-түзөөгө жергиликтүү бюджет тартыш болгондүктан бул жолду мамлекеттик жалпы жол балансына өткөрүп берүү максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылынын П.Исманов атындагы көчөсү транспорт жана коммуникация министрлигинин жалпы жол пайдалануу балансына өткөрүп берүү жагы сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары О.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Пирматов |