Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-12
”Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун атайын техникалары эскирип калгандыгына байланыштуу жаны техникаларды сатып алуусу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
”Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун атайын техникалары эскирип калгандыгына байланыштуу жаны техникаларды сатып алуусу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун атайын техникалары эскирип калгандыгына байланыштуу жаны техникаларды сатып алуусу үчүн 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |