Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2017-жылдын 11-августу № 53
Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундарынын Рават участогунда жайгашкан жеке улуш айыл чарба багытындагы кайрак айдоо 0,80га жер аянттарын өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону өнүктүрүү жана энергетикаклык коз карандысыздыгын күчөтүү жана электр линиясын курууга даярдыктарды көрүү жөнүндө өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын жыйынынын протоколун аткаруу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл окмотунун тургундарынын Рават участогунда жайгашкан жеке улуш айыл чарба багытындагы кайрак айдоо 0,80га жер аянтын онор-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Самаркандек өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С.Аппазовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Пирматов |