Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2017-жылдын 11-августу № 54
Самаркандек жалпы дарыгерлер борборуна кошумча обьект куруу үчүн 2,0 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы М.Осмоновдун кайрылуусунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кошумча обьект куруу үчүн Самаркандек айылынын борбордук бөлүгүнөн 2,0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Самаркандек окмотунун айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С.Аппазовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Пирматов |