Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 12
Кадамжай шаарындагы “Эрмек бий”, Орозбеков көчөлөрүн кеңейтип асфальттоо жөнүндө
Кадамжай шаарындагы “Эрмек бий” көчөсүнү асфальттоо учурунда көптөгөн үйлөрдүн тосмолору туура эмес орнотулгандыгын, кээ бир курулуштар жолго чыгарылып курулгандыктан ал курулуштар бузулуп, кайрадан жылдырып курулууга тийиштигин, Орозбеков көчөсүндөгү жолдун кээ бир жерлерин кеңейтилүүсүн жана жол астындагы суу түтүктөрүн алмаштыруулусун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 283 катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы “Эрмек бий”, Орозбеков көчөсүн кеңейтүүдө жолго туура келген курулуштарды, тосмолорду калыбына келтирүү жумуштарына жана жолдун астындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен № 1-тиркемеге ылайык мыйзам чегинде акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражаттарын рационалдуу пайдаланып, 15 күндүк мөөнөттө шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |