Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 23
Жаштар арасында Ыссык-Көлдө өтүүчү “XVII Эл аралык спартакиадага” Кадамжай шаарынын командасынын катышуусу жөнүндө
Кадамжай шаарынын жаштарынын кайрылуусун карап талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиялардын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин жаштар арасында өткөрүлүүчү «XVII Эл аралык спартакиадага» Кадамжай шаарынын командасынын катышуусу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Кошумча оюндар өткөрүлүп, талдоо жүргүзүү жагы К.Нарбаевке тапшарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |