Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 56
Аймактагы мектептердин 2017-2018-жылдардын кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө
Самаркандек айылдык кенешинин Аймактагы мектептердин 2017-2018-жылдардын кыш мезгилдерине даярдоо жөнүндөгү туруктуу комиссиянын мүчөсү К.Таабалдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы социалдык объектилерди, мектептерди кыш мезгилине даярдоо боюнча тиешелүү жумуштардын жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Кыш мезгилине айыл аймагындагы мектептерди комур жагууга керектуу эмеректер менен (темир меш, труба, чыканак) 15-октябрга чейин камсыз кылуу. Комур кампаларын тактап көмүр тушурууну 20-октябрга чейин толук бүтүрүү жагы айыл башчыларына жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Электр чубалгыларын, трансформаторлордун абалын текшерип, подстанцияны куз-кыш мезгилине даярдоо жагы Самаркандек электр тармактар ишканасынын башчысы А.Төрөевге тапшырылсын.
4. Мектептерге көмүр ташуу боюнча бөлүнгөн акча каражатын өз мезгилинде болуп берүү, электр энергиясын пайдаланган карызы боюнча ай сайын өз ара эсептөөлөрдү жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы Б.Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
5. Аймактагы социалдык объектилердин (оорукана, ФАП, маданият уйу, бала бакча) кышка карата жылытуу системаларын ремонттоо, комур менен камсыз кылууну 20-октябрга чейин толук бүткөрүү жагы ар бир ишкананын жетекчилеринен талап кылынсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчысынын орун басары Г.Кошматовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Пирматов |