Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 57
Айыл аймагында калкты медициналык жактан тейлөөдө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана ФАПтардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Таабалдиеванын калкты медициналык жактан тейлөөдө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана ФАПтардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Калкты медициналык жактан тейлөөдө үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана аймактык практикалык дарыгерлер борборунун, ФАПтардын аткарып жаткан иштеринде учурдун талабына ылайык иш-аракеттер жургузулуп жаткандыгы белгиленсин.
Аймактык дарыгерлер практикалык борборунун башчысына, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисине, ФАПтардын башчыларына:
айыл аймагында калктын саламаттыгын сактоого багытталган мамлекеттик жана улуттук программаларынын аткарылышын камсыз кылуу;
медициналык жактан тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу;
медициналык кызматкерлердин квалификациялык денгээлин которуу;
калкты сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу жана калкка атайын келген дары-дармектерди мыйзамдуу турдо пайдалануу жагы жуктолсун.
Самаркандек практикалык жалпы дарыгерлер борборуна калктын суроо-талабы боюнча дарыгерлерден түнкү күзөт уюштуруу, жетишсиз кадрлар менен толуктоо жагы башкы дарыгер М.Осмоновго жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчысынын орун басары Г.Кошматовго жана социалдык маселелер боюнча башкы адиси К Масалиевага тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |