Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 58
Самаркандек айыл окмотунун муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С Аппазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлерди колдоо максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги:
- Самаркандек айылындагы “Самаркандек” май күйүүчү бекетинин түндүк тарабындагы 0,30 га жер ар кандай курулуштарды куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,01 га жер аянты дукон куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,10 га жер аянты дукон жана кампа куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |