Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-13
Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлеринин байланыш кызматтары жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлерине байланыш кызматтары жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлерине байланыш кызматтары үчүн ар ай сайын Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2212-беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясына 6500 сом, Ноокат шаардык кеңешине 2000 сом төмөнкүчө болунуп берилсин.
Ноокат шаар мэриясына:
-Ноокат шаарынын мэрине-1500 бирдик;
-Вице-мэрине-800 бирдик;
-Аппарат жетекчисине, ФЭБ башчысына-700 бирдиктен;
-Башкы адистерге-300 бирдиктен;
-Калган 7 муниципалдык кызматкерлерге-150 бирдиктен;
Ноокат шаардык кеңешине:
-Ноокат шаардык кеңешинин төрагасына-500 бирдик;
-Жооптуу катчысына-500 бирдик;
-Башкы адиске-500 бирдик;
-Жетектөөчү адиске-500 бирдик.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |