Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 62
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарбасына жараксыз жерлерге зоналдык коэффициенти жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2017-жылдын 21-сентябрындагы №024/17/03-6/3214 катынын негизинде «Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчн жер салыгын эсептөө учун «КЗ» зоналдык коэффициентин бекитип беруу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарбасына жараксыз жерлерге зоналдык коэффиценти КЗ 0.7 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |