Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI - чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2017-жылдын 09-октябры № 26
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кенири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кыштут айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешесинен 2017-жылдын 1-январына калган 1299,3 ми сом акча каражаты 2017-жылдын бюджетинин сметасынын киреше бөлүгүнө 1299,3 миң сом кошумча киргизилип, чыгашалары бөлүгүнө 1299,3 ми сом өлчөмүндө кошумча киргизилип бекитилсин.
Жогорудагы бекитилген акча каражаты Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин IV кварталынын аппараттык башкаруу бөлүмүнүн 3111 «31113290 башка курулуштарды сатып алуу жана куруу» статьясына 1000,0 ми сом жана 3112 «31122290 башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу» статьясына 299,3 миң сом өлчөмүндө бөлүштүрүлсүн.
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин:
- Аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган «Мүлктү учурдагы одоого кеткен чыгымдар » статясынын эсебинен 600,0 ми сом;
- Балдар бакчасы бөлүмүнө каралган «Көмүр сатып алуу 2224» статясынын эсебинен 31,0 миң сом;
- Орто мектептер бөлүмүнө каралган «Көмүр сатып алуу 2224» статясынын эсебинен 242,7 миң сом.
Жалпы бардык бөлүмдөр боюнча 873,7 ми сом төмөнкү бөлүмдөрдүн жетишпеген статяларына которулсун:
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин IV кварталынын сметасынын аппараттык башкаруу бөлүмүнүн 2222 «22221200 учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу» статясына 78,5 миң сом, 3111 «31113290 башка курулуштарды сатып алуу жана куруу» статясына 795,2 ми сом которулсун.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Зикиров |