Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-14
Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, Ленин, М.Эргешов, Солтобаев атындагы жана башка көчөлөрдөгү эгилген бак-дарактарды жана теректерди кыркып алууга уруксат берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 11-мартындагы Ноокат районун калктуу конуштардагы электр чубалгыларын бак-дарактардан тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү №62-б буйругунун негизинде Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, Ленин, М.Эргешов, Солтобаев атындагы жана башка көчөлөрдөгү катуу шамал, жаан чачындарда адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, жаш арча көчөттөрүнүн өсүүсүнө тосколдук кылган, жолдордун четтерине эгилген теректер жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тосколдук жараткандыгын эске алып, Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 17-мартындагы №01-15/85 катын талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5 бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы сунуштардын негизинде Ноокат райондук экология бөлүмүнөн кыркууга уруксат менен шаар аймагынын Ош, Ленин, М.Эргешов, Солтобаев атындагы жана башка көчөлөрдөгү бак-дарактарды жана теректерди кыркууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А. Гафаров |