Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айылдык Кеңешинин 7-шайланышынын 24-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 13-февралы № 4
Жаңы-Күч айылынын тургуну Байгазиев Тыныбектин арызы жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги №7 Протоколу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 12.05.2015-жылдагы №103-б буйругунун негизинде Жаңы-Күч айылынын тургуну Байгазиев Тыныбектин арызын канааттандыруу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндөгү” 15.07.2013-жылдагы № 145 мыйзамынын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги №7 протоколунун жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 12-май 2015-жылдагы № 103-б буйругунун негизинде, Жаңы-Күч айылынын тургуну Байгазиев Тыныбекке “Шырыкты” коктусунун № 1155 контурунун 8,2 га жайыт жеринин ичинен 0,07 га жер аянты айыл-чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлер түрүнө которулгандыгы жактырылсын.
2. Бул адамга тиешелүү документтерин бүткөрүп берүү жагы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Негизи: 1.Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 22-апрель 2015-жылдагы жер комиссиясынын №7 Протоколу. 2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 12.05.2015-жылдагы № 103-б буйругу
Төрага | Б.Аттокуров |